«Балдарды коргоо борборунун» алкагындагы «Илимдеги кыздар» долбооруна катышып, окуп жаткан окуучу кыздарыбыз » Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка карышыбыз!» деген темага театралдашкан сценка коюп беришти. Бул иш-чарага мектептин окуучулары жана ата-энелер катышышты. Бул иш чара үй-бүлөдөгү кесип тандоодо келип чыккан, ата-эне менен баланын ортосундагы талаш-тартыш маселесин туура чечүүнүн жолун көргөзүү менен биргеликте ата-энелерге жана окуучуларга жардам берүү максаты менен уюштурулган.
Комментарии