№94 Жалпы орто билим берүү мектеби

Биз жөнүндө

 

Мектеп  жөнүндө маалымат     

№94 жалпы орто билим берүү мектеби  2015-жылы эксплуатацияга берилген. Имараттын долбоорлук кубаттуулугу- 960. 2015-жылы алгачкы жолу регистрациядан өтүп  №94 жалпы орто билим берүү мектеби деп аталган. 2015-жылдын 9-сентябрында  №00909201510175   регистрациядан  өткөн.  №94 ЖОББ мектеби Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Дордой-12 көчөсүндө жайгашкан. Окутуу 3 сменада өтүлөт.       №94 ЖОББ мектебинде 26 окуу кабинети, методикалык кабинет, 1 компьютердик кабинет, 1 мультимедиялык кабинет, заманбап китепкана, 250 орундуу жыйындар залы, медициналык пункт, 2 кабаттан турган душу менен спорт зал, 160 орундуу ашкананасы бар. Мектептин аянтында футбол аянтчасы бар.

2022-2023-окуу жылындагы мектептин окуучулары жөнүндө маалымат:

Класс комплектиси жалпы-80, жалпы окуучулардын саны-3049

Башталгыч класс-36 класс комплектиси, 1346 окуучу

Ортоңку баскычта-39 класс комплектиси, 1527 окуучу

Жогорку баскычта- 5 класс комплектиси, 161 окуучу

2022-2023-окуу жылындагы мектептин мугалимдери жөнүндө маалымат.

Мектепте жалпы 120 мугалим эмгектенет.

Жогорку билимдүү-112

Орто билимдүү-6

Бүтпөгөн орто-1

Билим берүүнүн мыктысы-4

Алардын ичинен:

– администрация – 12

– пенсионерлердин саны – 17

– жаш адистер – 16

3.3.Техникалык персоналдардын саны – 16

Окуу китептери жөнүндө маалымат

Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына ылайык китепкана иш алып барат. 5-6-класстын окуу китептери билим берүүчү программалардын жана мамлекеттик  билим берүү стандартынын талаптарына  дал келет. Ата-энелерге “Жаңы китеп” боюнча  түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө толугу менен ылайык келет. Усулдук  колдонмолор ,  дидактикалык материалдар жетиштүү деңгээлде. Стандарттык билим берүү программалары, окуу планынын көчүрмөсү, КТП, сабактардын пландары мамлекеттик стандартка дал келет.

Мектептин китепканасынын фонду 21861 китепти түзөт.

Анын ичинен ;

Окуу китеп-20209

Корком адабият-192

Методика- 760

Мектептеги кыргыз класстары-46% китеп менен  камсыз болгон.

Мектептин китеп фонду адабий китептер менен жыл сайын толукталып турат

Мектептин жетишкендиктери:

2018-2019-окуу жылында Свердлов району “Жүрөгүм менин балдарда” аттуу сынакта 3-орун, 4-орун

2028-2019-окуу жылында Свердлов району “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгында “Мыкты Айтматов кабинети” сыйлыгы берилген.

2018-2019-окуу жылында Бишкек шаары “ Инновациялык долбоорлор” аталышындагы конкурста 2-орун

2019-2020-окуу жылында  Акмият Свердлов району Сертификат 50 000сом

2020-2021-окуу жылынын бүтүрүүчүсү “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алган.

2021-2022-окуу жылында Свердлов району ИИБ уюштурган “Кичи футболдо” 1-орун алган,

2021-2022-окуу жылында мектептер аралык” Футбол лигасында” 2-орун

2021-2022-окуу жылында №21 жергиликтүү башкаруу органы уюштурган “Пионербол” мелдеште 1-орун

2021-2022-окуу жылында Свердлов району боюнча балдар арасында болгон “Волейболдо” 2-орун

2022-2023-окуу жылында Свердлов району боюнча “Ордо” оюнунан 2-орун

2022-2023-окуу жылында Бишкек шаары  боюнча балдар арасында “Волейболдон”  3-орун

2022-2023-окуу жылында  Свердлов району боюнча балдар арасында “Волейболдон” 1-орун

  Мектептин ички көзөмөлү

Окуу-тарбия процессинде мугалимдердин эмгектеринин жыйынтыгы, педагогикалык анализдеринин жүргүзүү үчүн ички көзөмөл

     Максаты:

  1. Предметтик мугалимдердин мамлекеттик иш кагаздарынын аткарылышын көзөмөлдөо.
  2. Окуу-тарбия процессинде мугалимдердин ситемалуу сабактын өтүлүшүн, ошондой эле сабактын формасын максатын,ыкмасын туура коё билүүлөрүн текшерүү.
  3. Окуучулардын билим сапаттарын этап этап менен көзөмөлгө алуу.
  4. Предметтик мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү.
  5. Мугалимдердин тажрыйба алмашышы.
  6. Билим берүү башкармалыгынан келген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө
  7. Окуу тарбия процессинин программаларнын  так аткарылышын жана кетирген кемчиликтерин талкуулоо.
  8. Жогорку денгээлде өтүлгөн сабактарды мектеп ичине жайылтуу.
  9. Мугалимдердин жоопкечилигин жогрулатуу,  эфективдүү сабак берүүнүн жаны ыкмаларын практика менен айкалыштурып өтүүсүн көзөмлдөө.
  10. Мектептин документтеринин толтурулушуна системалуу көзөмөл жүргүзүү.

Төмөнкүдөй багытта көзөмөл жүргүзүү:

– педагогикалык кадрлардын иштерин көзөмөлдөө;

– окуучулардын билимин жана билгичтиктерин көзөмөлдөө;

– жалпыга билим берүү боюнча көзөмөлдөө;

– сабактын системалуу өтүлүшүн көзөмөлдөө;

– мектептин иш кагаздарын  көзөмөлдөө.

Ички көзөмөл жүргүзүүнүн негизинде окуучулардын билим денгээлин, билгичтиктерин, кабыл алуусун администрация тарабынан текшерилди.Жарым жыл жыл ичинде Билим берүү башкармалыгынан төмөнкүдөй предметтерден билим сапатын текшерүү үчүн текшерүү иштер алынды:орус тилинен (5-11кл), алгебра (10-кл), георафия (11-кл), химия (10-кл), чет тилинен (5-кл), кыргыз тилинен, информатикадан,  башталгыч класстарынан кыргыз тилинен (2-4-кл).

Мектептин проблемасы “Окуу тарбия процессинде заманбап технологияларды пайдалануу аркылуу, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана компетенттүүлүккө тарбиялоо”.

Ар бир мугалим заманбап технологияларды пайдалануу аркылуу окуучуларды сапаттуу окутуп,тарбиялоого канчалык канчалык  даражада  профессионалдуу  мамиле  жасашына, канчалык  ал  өзүнүн  педагогикалык устатынын, идеалык  ишенимин, эрудициясын  жана  жалпы маданиятын  өркүндөтө   ала  тургандыгына  көз  каранды. Мектептин ишин “Билим берүү законуна” ылайык түп тамырынан жаңылоо маселеси ар бир мугалимдин иши.  Мектеп  ишин жаңылап  жакшыртуунун бардык  маселелеринин  ичинен окуу  предметтерин жогорку  илимий-методикалык деңгээлде окутуунун негизинде  окуучулардын билимдеринин, билгичтиктеринин жана  көндүмдөрүнүн сапатын  кескин  түрдө  жогорулатып, алардын  окууга болгон   милдеттүүлүктөрүн  күчөтүү, жоопкерчиликтерин  сездирүү,  окуу-таанып  билүүчүлүк ишмердүүлүктөрүн өркүндөтүү эң  башкы  милдет  болуп  эсептелет.                                Бул  милдетти практикалык  жактан  жалпы  мектептерге иш  жүзүнө  ашыруу – өз иштеринде  мыкты  ийгиликтерди  камсыз  кылып  жатышкан   мугалимдердин  алдыңкы  педагогикалык  жана  инновациялык  тажрыйбаларын  системалуу  түрдө  иликтеп  үйрөнүүнү,  жалпылоону  жана  жайылтууну  өтө  курч  талап  кылып  олтурат.

Мектеп педогогикалык-психологиялык проблемасынын  IV этабында иштеп жатышат. Мектепте мугалимдердин өз билимин оркүндөтүү графиги түзүлүп, бекитилген. Мугалимдер алдынкы педагогикалык инновациялык, заманбап тажрыйбаларды пайдалануу, сабактарда колдонуунун үстүндө иштеп жатышат. Методикалык иштердин планы түзүлгон, жаш мугалимдер менен иштөө дагы талапка жооп бергидей уюштурулган, жылдык план түзүлгөн насаатчылар бекитилип, жоболор менен тааныштырылып, насаатчы мугалимдердин сабактарына киргизүүнун графиги түзүлүп, сабактарга кирүү уюштурулган.

Билим берүү программаларынын катталуусу боюнча маалымат:

2015-жылы алгач каттоодон өткөн.

Мектеп электрондук дареги: dordoi94@gmail.com

Мектептин сайты: http//94.edubish.kg

Мектептин жетекчиси боюнча маалымат:                                                                                                                  Ажыгулова Кенже Кадыровна 2023-жылдын март айынан бери эмгектенет.                                                              Тел:0707931474  Эл. дареги: [email protected]