№94 Жалпы орто билим берүү мектеби

ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯ

ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯ

                                ♦Программалык аккредитация♦

 

ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯ

ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯ

ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯ

ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯ

  1. Минималдуу талаптарды аткаруунун анализи жана далилдөө базасы
Өзүн-өзү баалоонун критерийлери: Билим бepүү мекемесинин анализи (өзүн-өзү баалоо) Далилдер:
1.1 Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын , базистик окуу планынын талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү №94 ЖОББ мектеби өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы укуктук ченемдик актыларга жана мектеп уставына таянып жүргүзөт.

Окуу планы мамлекеттик стандарттын талаптарына туура келет жана КРнын ББИМнин 2022-жылдын 5-августундагы  № 1529/1 буйругу менен бекитилген, базистик окуу планына ылайык түзүлгөн. Сабактар Базистик окуу планга ылайык, мектептин окуу бөлүмү тарабынан түзүлгөн жүгүртмө боюнча өткөрүлөт.

I  баскыч башталгыч мектеп, 1-4-класстары (4 жыл)

II  баскыч — негизги мектеп, 5-9 -класстары (5 жыл)

III баскыч -орто мектеп, 10-11- класстары (2 жыл)

Окутуу 3 сменада жүргүзүлөт. Сабактардын узактыгы

45 мүнөттөн, ар бир сабактын аралыгы 5 мүнөттүк жана 3-сабактан кийин 10 мүнөттүк тыныгуу менен өтөт.

Биринчи класска окуучулар электрондук каттоо системасы аркылуу кабыл алынат.

Устав

Күбөлүк

Стратегиялык план

Базистик окуу планы 2020-2023 жж

2018-2023 окуу ж. окууч.салышт. мониторинги

Башталгыч класстарынын усулдук бирикмесинин 2021-2022-окуу жылына карата иш планы

Биология Календардык план 6-класс

География Календардык план 7-класс

Класстык сааттар жөнүндө жобо

Комплектилөө

Мам.тил сабактын планы

Мектеп регламенти

Сабактардын жүгүртмөсү тууралуу жобо

 

Электрондук каттоо боюнча типтүү жобо

 

 

1.2. Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына ылайык китепкана иш алып барат. 5-6-класстын окуу китептери билим берүүчү программалардын жана мамлекеттик  билим берүү стандартынын талаптарына  дал келет. Ата-энелерге “Жаңы китеп” боюнча  түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө толугу менен ылайык келет. Усулдук  колдонмолор,  дидактикалык материалдар жетиштүү деңгээлде. Стандарттык билим берүү программалары, окуу планынын көчүрмөсү, КТП, сабактардын пландары мамлекеттик стандартка дал келет. Окуу процессин жакшыртуу үчүн зарыл болгон жабдуулар, окуу китептери, окуу куралдары жана башка окуу-методикалык материалдар мүмкүнчүлүккө жараша жаңыланып турат. Окуу программасын ишке ашырууга мектеп окуу-методикалык материалдарын камсыз кылат.

Предметтер боюнча электрондук материалдар чогултулуп, сабактарда пайдаланылат.

 

Мугалимдер өз чыгармачылыгына, изденүүсүнө жараша маалыматты кошумча интернет булактарынан  алышат.

 

Окуу жылынын башында мугалимдер окуу-методикалык камсыздоону методикалык бирикмелердин, методикалык кеңешмелердин иштеринде талкуулап, сунуштап, толуктоолорду киргизип, бекиттирип окуу жылында окуу-тарбия процессинде ишке толук ашырып келишет.

 

Мектепте окуу-методикалык камсыздоо ата-энелердин суроо талаптарын, муктаждыктарын жана алардын керектөөсүн эске алуунун негизинде түзүлгөн. Окуу-методикалык пландар жыл сайын мектеп директору тарабынан бекитилет. Мамлекеттик стандартка, талаптарга жана керектөөчүлөргө ылайык келет.

Англис тил 5-класс

Англис тили Календардык план 11-класс

Англис тили усулдук бирикмесинин 2022-2023-окуу жылына карат иш планы

Ачык сабак жөнүндө жобо

Ачык сабак өткөрүү жөнүндөгү жоболор

Англис тил 5-класс

Англис тили Календардык план 11-класс

Англис тили усулдук бирикмесинин 2022-2023-окуу жылына карат иш планы

Ачык сабак жөнүндө жобо

Ачык сабак өткөрүү жөнүндөгү жоболор

Ачык сабактын планы

Башталгыч класстарынын усулдук бирикмесинин 2021-2022-окуу жылына карата иш планы

Биология Календардык план 6-класс

География Календардык план 7-класс

информатика 7-класс

КТП жөнүндө жобо

Сабакты пландаштырууну жөнгө салуу жобосу

1.3. Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу-методикалык адабияттардын фондунун) болушу.

 

 

Мектептин китепканасынын фонду  21861даана китепти түзөт суммасы- 3212300сом 70 тыйын

Анын ичинен:

Окуу китеп-20209даана

Корком адабият-192даана,суммасы- 93713.94т

Методика- 760даана,суммасы-109906,90т

Мектептеги кыргыз класстары-46% китеп менен  камсыз болгон.

Мектептин китеп фонду адабий китептер менен жыл сайын толукталып турат. USAID аркылуу “Окуу керемет” долбоорунан 2019-2020о.ж. башталгыч класстарга окуу деңгээлине жараша китептер менен 518 камсыздалган. Ошондой эле китепканачы өз билимин жогорулатуу курстарына барат, иш планынын негизинде мектепте иш алып барат. . Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарда жана айрым кыргыз тилинде окутулган 1-2-7-класстарда жетишпеген окуу китептери бар. Аталган китептер боюнча табыштама берилген.

Айрым мугалимдер керектүү китептерди, методикалык жардамды  интернет булактарынан алып колдонушат. Азыркы стандартка ылайык мугалимдер мүмкүнчүлүгүнө жараша  окутуунун формасына, методуна көңүл бурушуп, ар бир сабактын максатына басым жасалып, алган билимдерин жашоодо колдоно билүүсүнө көңүл коюшат.

 

Билим берүү борбору тарабынан мектептин китепканасы жылына жаңы методикалык көрсөтмөлөр жана окуу китептери менен толукталып турат. Демөөрчүлөр тарабынан адабий китептер менен камсыздалган да учур бар. 2022-жылы китепканага КРББМнен компьютер принтери менен берилип, колдонулуп жатат.

Д 10 5-жылдык

Журнал китеп 5-жыл

Жылдык план 5-жылдык

Заявка китепкана 5-жылдык

Китепкана жөнүндө жобо

Китепкананы китептер жонундо маалыматы

Китепкананын анализи 3-жылдык

Китепкананын материалдык техникалык базасы

Китепкананын паспорту

1.4. Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыктар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун  механизминин болушу. Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында бардык шарттар түзүлгөн. Свердлов райондук Билим берүү тарабынан мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, окуу китептери, усулдук колдонмолор менен камсыз кылынган.

Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында WhatsApp, Zoom, Classroom, Telegram, мектептин сайты аркылуу ата-энелерге маалымат жеткирилип турат. Мектептин окуу программаларынын жана окуу–методикалык камсыздоонун негизги компоненттеринин бири маалыматтык коопсуздукту камсыздоо. Маалыматты коопсуздукту камсыздоодо маалыматтын жеткиликтүүлүгү болуп саналат.Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыктар тараптардын күтүүлөрү дайыма эске алынат.Маалымат менен камсыздоонун, кызыктар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун механизмдери жобосу иштелип чыккан

Мектеп жамааты кызыктар тараптардын күтүлөрүн, керектөөлөрүн жана канаатануусун мезгилдүү баалоо максатында бир жылда бир жолу жалпы ата-энелер кеңештеринин чогулуштарын, ар чейректе ар бир класста өзүнчө ата-энелер чогулуштарын өткөрөт. Чогулуштарда ар бир маалымат жалпысынан берилет жана талкууланат.

Жеке маалыматтар ата-энелер менен жекече сүйлөшүүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.

 

 

Дистанттык окутуу боюнча

матем 4-кл Моро ачык сабак 78-б

матем 4-кл Моро ачык сабак 78-б

Моро 4-кл кыйр турундогу маселелер

 

 

 

Күчтүү жактары:

  • Мектептин ишмердүүлүгү билим берүү программасынын мазмунуна дал келиши.
  • Билим 6epүү максаты жана милдеттери мамлекеттик стандартка жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө  ылайык келиши.
  • Стандарттык билим берүүнүн усулдук колдонмолору менен иш алып барышы.
  • Адаптацияланууга өз убагында  жардам көрсөтүү.
  • Окутуучу кадрлардын активдүү болушу
  • Предметтик олимпиадаларды ,мелдештерди  окуучуларга кенен ийгиликтүү  тааныштыруу
  • Позитивдүү иш тажрыйбасы-мугалимдер билим  берүүдө актуалдуу маселелер       боюнча  мугалимдердин позитивдүү тажрыйбалуу иш алып баруусу; квалификациясын      жогорулатуу; ата-энелерге мектептин маалыматтык ачыктыгы менен  өз ара аракеттенүү системасын өнүктүрүү.

Алсыз жактары:

  • Мектептин сыйымдуулугуна окуучулардын санынын дал келбеши.
  • Ата-энелердин мектеп турмушуна, көйгөйүнө салымдын азыраак кошкондугу.
  • Китептердин жетишсиздиги.
  • Ички-тышкы миграциянын таасири.
  • Лабораториялык кабинеттердеги керектүү каражаттардын жетишсиздиги.
  • Окуучуларды тарбиялоодо ата-энелердин  бир бөлүгүнүн пассивдүүлүг, жоопкерчилигинин төмөндүгү.
    1. КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО.
2.1. Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу Мектеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан билим берүү программаларынын алкагында иш алып барат. Билим берүү программалары инсандын жалпы маданиятын жана коом турмушуна ыңгайлашуусуна багытталган. Билим берүүнүн  сапатын арттыруу максатында тажрыйбалуу мугалимдер иштеп чыккан программа, пландарынын негизинде иш алып барышат. Мектептин усулдук бирикмелеринин пландарына ылайык иш жүргүзүлөт. Максаттар жаңы стандартта окуучуга окуу чөйрөсүн уюштурууга, окуучунун өз алдынча изденүүсүнө багытталган.

Мугалимдер жаңы стандарттын негизинде предметтик стандарттын талаптарына ылайык сабактарды пландаштырылат. Акыркы жылдарда окутуунун жаңы ыкмалары менен иштөө мезгилдин талабы болуп калды. Окутуунун жаңы технологиялары окуучулардын чыгармачыл жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу аркылуу алардын компетенттүүлүгүн өнүктүрүү, ой жүгүртүүсүн өстүрүү, сүйлөө кебин өстүрүү, тарбиялоо, билгичтиктерин, жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу, окутуудагы жана турмуштагы маанилүү маселелерди чече билүүсү, топ ичинде биргелешкен үзүрлүү иш-аракеттик жөндөмдүүлүгү,  маалымат булактары менен иштөөдөгү тактык, тыкандык жана башка максаттарын көздөйт. Аталган ыкмаларды мектептин мугалимдери күнүмдүк сабактарда, ачык сабактарда, предметтик декадаларда колдонуп келишет.

2019.-23 салыштырмалуу комплектештируу боюнча 5 жылдык мониторинги

2022-2023- окуу жылындагы предметтердин декадасынын өтүү графиги

2022-2023-окуу жылына карата түзүлгөн усулдук бирикменин иш планы

2022-2023-окуу жылына карата түзүлгөн усулдук бирикменин иш планы

2022-2023-окуу жылына карата түзүлгөн усулдук бирикменин иш планы

2022-2023-окуу жылынын методикалык иштер боюнча планы

№94 ЖОББ мектебинин илимий-методикалык кеңеши жөнүндө жобо

Англис тил 5-класс

Англис тили Календардык план 11-класс

Англис тили усулдук бирикмесинин 2022-2023-окуу жылына карат иш планы

Ачык сабак өткөрүү жөнүндөгү жоболор

Ачык сабактын планы

Башталгыч класстарынын усулдук бирикмесинин 2021-2022-окуу жылына карата иш план

Биология Календардык план 6-класс

География Календардык план 7-класс

ЖЫЛДЫК ИШ ПЛАН 2022-2023

Илимий методикалык кенеши жөнүндө жобо

информатика 7-класс

Класстык сааттар жөнүндө жобо

КТП жөнүндө жобо

Кыргыз тили жана адабияты 11-класс

Мам.тил 2022-2023-жж жылдык иш план

мам.тил сабактын планы

Мамлекеттик тил Отчет-анализдер

Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата иш-чаралар планы

мектеп компоненти тандоо үчүн ата-энелер, окуучулар учун сурамжылоо

Мектеп регламенти

Методикалык иштердин 2021-2022-окуу жылындагы анализи

сабактардын жугуртмосу

2.2. Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу Мамлекеттик билим беpүү стандарттарынын талаптарына ылайык  мугалимдер окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуп сабак өтүшүүдө. Аралыктан окутуу учурунда мултимедиалык программаларды (WhatsApp, Google Meet, Zoom, Classroom, Telegram, Learning Apps,Bandigam,Uchi.ru) колдонуу менен сабак өтүштү. Онлайн тесттер Google classrum аркылуу администрация тарабынан системалык түрдө алынды. Мектептин билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык так аныкталган билим берүү максаттары иштелип чыккан. Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу окутуу процессин активдештирүүгө, сабактын темпин жогорулатууга, окуучулардын өз алдынча жана жекече ишинин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Инсандын өз алдынча өнүгүүсүн камсыз кылат, окуучунун мотивациясын күчөтөт, ой жүгүртүү ишин активдештирет, окуучулардын коммуникативдик жана маалыматтык компетенциясын калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Окутуу-тарбиялоо процессинде ар кандай инновациялык технологияларды колдонуу жана билүү замандын талабы.

 

 

Дистанттык окутуу боюнча

Англис тили кабинетинин паспорту

Аралыктан окуу процессин окутуу жөнүндө жобо

Ачык сабактын планы

Башталгыч класстардын кабинетинин паспорту

Информатика кабинетинин техникалык коопсуздук эрежеси

Мектептин ички суроттомосу

Окуу кабинети жөнүндө жобо

Спорт залдагы техникалык коопсуздук эрежеси

Физика кабинетинин паспорту техникалык коопсуздук эрежеси

Химия кабинетинин паспорту жана техникалык коопсуздук эрежеси

2.3. Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым механизминин болушу Окутууну баалоодо мугалимдер өз ара тажрыйба алмашуу максатында жана ачык сабактарга график боюнча катышып турушат. Ата-энелер менен байланыш чейрек сайын чогулуштар өткөрүлүп турат. 2022-2023-окуу жылынан баштап мектепте “Электрондук мектеп” электрондук система  жаныдан ишке кирип баштады. Ал аркылуу ата-энелер менен тыгыз байланышып, кайтарым байланыш жүргүзүлүп турууга шарт түзүлүүдө. Билим берүүнүн стандарттык талабына ылайык окутууну баалоодо жана корректирлөөдө баалоонун түрлөрү колдонулат (критерий, көрсөткүч, ички баа берүү, сырткы баа берүү, мониторинг, байкоо жүргүзүү, маектешүү, өзүнө баа берүү, маалыматтарды чогултуу). Мектептин директору, окуу-тарбия иштери боюнча орун басары тарабынан жылына өзүн-өзү баалоо максатында мониторингдер жүргүзүлүп турат. Окуучулардын өзүн-өзү баалоосу жана бири-бирин баалоосун колдонуу ар бир сабакта пайдалануу сунуш кылынат жана практикада колдонулуусуна көзөмөл жүргүзүлөт. Мектепте кайтарым байланыштын төмөнкү формалары каралган:фронталдык сурамжылоо, байкоо, суроо-жооп, тестирлөө, зачет, өзүн-өзү баалоо, практикалык иштер, лабораториялык иштер. Окуучулардын жазуу иштеринин жыйынтыгы окуу бөлүм башчысы тарабынан көзөмөлдөнүп, конкреттүү сунуштар берилет. Мектепте андан кийинки талдоо менен сабактарга өз ара катышуу жүзөгө ашырылат, педагогдордун өзүн-өзү баалоо формалары колдонулат. 3-чейрек анализ отчет 2022ж

4-чейрек отчет УБ 2021-ж

2019-2020-окуу жылындагы ата-энелер №1 протокол

2022-2023-окуу жылындагы ата-энелердин жыйналышынын №1 протоколу

Анализ метод -жылдык2021ж.

Ата-энелер комитети жөнүндө жобосу.

Методикалык ишетердин анализи 2021-2022-ж

2.4. Билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун обьективдүү жана ачык айкын системанын болушу. Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун ведомосттору уюштурулган. Окуучулардын жазуу жана оозеки иштеринин негизинде чейректик жана предметтер боюнча мониторингдер жүргүзүлүп турат. Билим сапаты төмөн жана жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн сабактарды көзөмөлгө алып усулдук бирикмелерде иштер жүргүзүлөт Ар бир мугалим алдына  коюлган талаптары жана милдеттери аркылуу окуучулардын керектөөлөрүн канааттандырат. Алган билимдерин чейректик, жылдык баа аркылуу баалайт. Бардык  класстагы окуучулардын жетишүүсү боюнча  мугалимдердин педагогикалык, өндүрүштүк кеңешмелеринде талкуу жүргүзүлөт. Сабакта жетишпеген окуучулар менен атайын түзүлгөн иш-пландын негизинде иш алып барылат. Зээндүү жана таланттуу балдар менен да өзүнчө иш алып барылат. Билим берүү башкармалыгы тарабынан предметтер боюнча билим кесилиши график менен планга коюлуп, учурунда алынып турат.. 2018-2022-жылдардын аралыгында сыйлаган сыйлык баракчалары жөнүндө маалымат

2018-2023 окуу ж. окууч.салышт. мониторинги

2018-2023 окуу жылындагы окуучулардын кыймылынын салыштырмалуу мониторинги

2019.-23 салыштырмалуу комплектештируу боюнча 5 жылдык мониторинги

2019-2020-окуу жылынын ата-энелер чогулушунун №1 протокол

2020-2021-окуу ж.жылдык билим. сапат.анализ (мониторинг)

2020-2021-окуу жылына карата окуу тарбия иштери боюнча анализ отчету

2020-2021-окуу жылындагы окуу-тарбия иштериндеги көйгөйлөргө багытталган анализи

2020-2021-окуу жылынын 1-чейрегинин билим сапаты жана жетиш катыш боюнча анализа

2021-2022 окуу жылына карата окуу-тарбия иштери боюнча анализ-отчету.

2021-2022-окуу жылындагы метод ишинин анализи

2021-2022-окуу ж. билим сапаты ж.жетишүү( жылдык .отчет -мониторинг)

2021-2022-окуу жылындагы 1-жарым жылдыгына карата окуучулардын кыймылы жана жетиш-катыш боюнча жүргүзүлгөн окуу тарбия иштерине карата аналтз

2022-2023 1-ч. окуу тарб.ишт мониторинг

2022-2023 2-ч. окуу тарб. ишт. мониторинг

2022-2023- окуу жылындагы метод ишетринин анализи

2022-2023-окуу жылына карата түзүлгөн усулдук бирикменин иш планы

Административдик контролдук иштерди жүргүзүү жөнүндө жобо

Анализ 2020-2021о.ж

Билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобо

Зээндүү жана таланттуу окуучулар менен иштөө жобосу

Кыймыл отчет 3-жылдык

Кыймыл отчет

Мектеп ичиндеги көзөмөл

Окуучулардын дептерлеринин сакталышы жобо

сабакты начар өздөштүргөн окуучулар жана алардын ата- энелери менен иштөө ишмердүүлүгү жөнүндө жобосу

Таланттуу окуучулар менен иштоо 4-класс

2.5. Окуучуларды баалоонун  колдонулуучу эрежелери, жол жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу Мектепте окуу процессине, класстан тышкаркы иштерге, кароо-сынактарга, спорттук мелдештерге дайыма мониторинг жана мезгил-мезгили менен баалоо жүргүзүлүп  турат. Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасы толук жеткирилген. Баалоодо: диагностикалык, формативдик жана жыйынтыктоочу баалоолор колдонулат.

Мектептин бүтүрүүчү класстарында (9-11-кл) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоодо алган билимдери бааланат. Ошондой эле окуучулардын билим сапаты, жетишүүсү дайыма өндүрүштүк, педагогикалык кеңештерде каралат, жыйынтык чыгарылып, талданат. Эгерде окуучу канааттанбаса, аппеляцияга келет. Аппеляция берүү процедурасы жыйынтыктоочу аттестациялоонун жобосуна ылайык жүргүзүлөт. Акыркы беш жылда кайрылуулар боло элек.

2018-2023 окуу ж.мониторинги

2022-2023 1-ч. окуу тарб.ишт мониторинг

2022-2023 2-ч. окуу тарб. ишт. мониторинг

2022-2023- окуу жылындагы метод ишетринин анализи

2022-2023-окуу жылына карата түзүлгөн усулдук бирикменин иш планы

Анализ.doc 2020-2021уч.год

Арыз, даттануулар жана апелляцияларды кабыл алуу жана карап чыгуу жөнүндө жобо

Аттестациянын 2-ж.жыйынт. 2020-2022-ж

Аттестацияныны уюштуруу планы 2-жылдык

Билим сапатынын мониторинги

Билим тууралу тактоо жобо

Бутуруу аттест. иш план

ЖМА 2022-о.ж. 9-11кл

ЖМАНЫН убактылуу жобосу

Ийримдер жөнүндө жобо

Комплектештируу 20

Мам. аттест. өткөрүү жөнүндө жобо

Окуучулардын билимин баалоо жөнүндө жобо

2.6. Коопсуз өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу Мектепте коопсуз,   өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ынгайлуу билим берүү

чөйрөсүн камсыздоо соц.педагог, психолог, ИДН, тарбия иштери боюнча директордун орун басары, администрация, класс жетекчи жана ата-энелер менен биргеликте иш жүргүзүлөт.

Мектепте мед.кабинет бар, жыл сайын окуучулар медосмотрдан өтүшөт жана эмдөө жүргүзүлүп турат.

Окуучулар сабактан кийинки учурда мектеп ичиндеги ийримдерге: спорттук, комуз, бий, кол өнөрчүлүк, көркөм окуу ийримдерине катышат. Мектептеги билим берүү  кызматтарынын натыйжалуулугу ар бир класста өткөрүлгөн  ата-энелер чогулушунда жана жалпы ата-энелер чогулушунда талкууланат. Мектепте окуп жаткан окуучулардын социалдык абалы анализденет жана ошол боюнча соц.педагог тарабынан  иштер аткарылат.

Мектеп окуучуларынын өмүрү жана ден соолугунун коопсуздугу үчүн мектепте күндүзгү күзөтчү жана дежур мугалим иш жүргүзөт. Ошондой эле окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн  видео камералары  орнотулган. Дааратканалар иштейт. Мектептин айланасын жашылдандыруу ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер тарабынан жылына ишке ашырылып турат. Мектеп окуучуларынын тамактануусу, жарык берүү, жылытуу жана желдетүү боюнча санитардык-гигиеналык нормалары талапка ылайык сакталган.

 

Окуучулардын физикалык активдүүлүгү үчүн атайын спорт аянтчалары, спорт зал бар.

 

Мектеп интернет тармагына кошулган жана окуучулардын маалымат издөөсү үчүн шарт каралган.

2021-2022 окуу жылына карата окуу-тарбия иштери боюнча анализ-отчету

Антитеррордук паспорт

Жарандык коргонуу боюнча КР мыйзамы

Жарандык коргоо күнүн өткөрүү боюнча буйрук

Жаш өспүрум.н арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-планы

Ийримдер жөнүндө жобо

ИСУО боюнча буйрук

ИСУО буйрук

ИСУО жөнүндө жобо

Класс жетекчилердин иш-планы

Класс жетекчилердин милдеттери боюнча жобо

Класс жетекчинин кызматтык нускамасы

Мед.кызматкерлеринин мектеп менен иш план2022-2023-ж

Мектептин ички тартибинин эрежелери

Мектептин эвакуациялык планы

Окуу процессиндеги коопсуздукту камсыздоо боюнча жобо

Өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча иш-планы

Өрт коопсуздугунун нускамасы

Өрт өчүрүү кошуунун түзүү жөнүндө буйрук

Профкеңешме жөнүндө жобо

Соц паспорт 5-жыл

Соц. пед. ишмерд. ж

Соц. пед.кызм. милд. жобосу

Соц.пед. жылдык планы 2022-2023-ж

Соц.пед. мил.жонундо буйругу

Соц.педаг.2022-2023-ж 2-ж.ж. отчету

Тарбия иштери боюнча иш-план

Тарбия иштери боюнча отчет 2022-2023-жылы

Тарбия иштери боюнча отчет 2021-2022

Терроризмге каршы коопсуздук боюнча жобо

Укук коргоо органдары менен кызматташуу жобо

Эвакуациянын планы

 

 

2.7. Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргузүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын  натыйжаларынын динамикасы Чейректиктик ведомосттор, мониторинг, тесттер аркылуу натыйжалар чыгарылат. Улуттук тестирлөө борбору тарабынан 9-10-11-класстарына тест жүргүзүлөт. Жыйынтыгы менен окуучуларды тааныштырып, өндүрүштүк кеңешмеде билим сапаты төмөн болгон сабактарды  предметтик мугалимдерге тааныштырып, сапатты көтөрүү боюнча  иш жүргүзүүсү милдеттендирилет жана көзөмөлгө алынат. Билим сапаты төмөн болгон предметтик мугалимдерге, начар өздөштүргөн окуучулар  менен иштөөсү администрация тарабынан көзөмөлгө алынат.

Окуучулардын билимдерин баалоо үчүн  предметтер боюнча билим кесилиши алынат, жазуу иштери чейрек боюнча алынып, салыштырылат. Ал эми предметтер боюнча жана параллель класстардын билим сапаты дагы учурунда бааланып, мониторинг чыгарылат.

 

Алдыда келе жаткан окуу жылдарга окуучулардын тышкы баалоосуна өзгөчө көңүл буруу пландалууда. Ички  баалоонун жыйынтыгы менен мугалимдер эмненин үстүнөн иш жүргүзүүнү  анализ кылышат.

 

 

 

 

2018-2023 окуу жылындагы окуучулардын кыймылынын салыштырмалуу мониторинги

2019.-23 салыштырмалуу комплектештируу боюнча 5 жылдык мониторинги

№94 ЖОББ мектебинин илимий-методикалык кеңеши жөнүндө жобо

Билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобо

Билим сапатынын мониторинги

ЖРТ жыйынтыгы-2022 ж 11-класстар

Олимпиаданы өткөрүү жөнүндө жобо

2.8. Кызыктар  тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол жоболордун болушу. Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболору токтомдордун негизинде жүргүзүлөт.Мугалимдердин арыздары: жумушка кирүү, бошонуу, сурануу ж.б. профсоздук комитетте этика коммиссиясынын жобосунун негизинде каралат. Мектепте окуучулардын арыздары (даттануулары), каалоо- тилектерди, билдирүүлөрдү салуу үчүн көрүнүктүү жерде “Ишеним почтасы” ачылган. Бир жумада бир жолу ачылып, даттануунун мазмуну атайын журналга түшүрүлүп, директор алдындагы кеңешмеде каралып, анализ жүргүзүлөт, акт түзүлөт, жыйынтыгы чыгарылат. Ар бир окуучудан түшкөн каттар анонимдүү түрдө болот. Мектепте талаш-тартыштарды жөнгө салуучу комиссиясы түзүлгөн. Ал комиссияда каралган маселелер протокол менен бекитилет. Мектептин администрациясынын эшиги бардык окуучулар үчүн ачык. Ар бир окуучу кайсы учур болбосун мектептин бардык маселелери боюнча кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар. Окуучулар, ата-энелер же башка кызыкдар тараптар тарабынан даттануу же доомат коюлушу мүмкүн болсо, ал мектептин кезексиз педагогикалык кеңешмесинде каралат. Бир да кайрылуу көзөмөлсүз калтырылбайт Жамааттык келишим боюнча жобо

Иштердин номенклатурасы боюнча жобо

Мугалимдин этикасы жөнүндө жобо

Эмгек келишиминин болжолдуу түрү

Эмгекти коргоонун жобосу

 

 

 

Күчтүү жактары:

  • Мектептин ишмердүүлүгү билим берүү программасынын мазмунуна дал келиши.
  • Билим 6epүү максаты жана милдеттери мамлекеттик стандартка жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келиши.
  • Стандарттык билим берүүнүн усулдук колдонмолору менен иш алып барышы.
  • Адаптацияланууга оз убагында жардам көрсөтүү.
  • Окутуучу кадрлардын активдүү болушу
  • Предметтик олимпиадаларды ,мелдештерди окуучуларга кенен ийгиликтүү  тааныштыруу
  • Позитивдуу иш тажрыйбасы-мугалимдер билим берүүдө актуалдуу маселелер       боюнча  мугалимдердин позитивдүү тажрыйбалуу иш алып баруусу; квалификациясын  жогорулатууга, ата-энелерге мектептин маалыматтык ачыктыгы менен өз ара аракеттенүү системасын онуктуруу

Алсыз жактары:

  • Мектептин сыйымдуулугуна окуучулардын санынын дал келбеши.
  • Ата-энелердин мектеп турмушуна, көйгөйүнө салымдын азыраак кошкондугу.
  • Лабораториялык кабинеттердеги керектүү каражаттардын жетишсиздиги.
  • Окуучуларды тарбиялоодо ата-энелердин бир бөлүгүнүн пассивдүүлүгү,  жоопкерчилигинин төмөн.
  • Окуучулардын окуу китеби менен толук кандуу камсыз болбогондугу.
Ички жана тышкы миграциянын, окуучулардын билим сапатынына тийгизген таасири.

КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

 

3.1 Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келиши Мугалимдер  үчүн негизги жумуш берүүчү болуп, мектеп эсептелет. Мугалимдерди ишке кабыл алууда жана бошотууда, кызматтан жогорулатууда Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин негизинде алынат. Педагогикалык кызматка билими жөнүндө диплому бар, тийиштүү педагогикалык квалификациясын ырастаган педагогикалык адистикке ээ болгон жарандарга эмгек келишимдери түзүлүү менен  кабыл алынат. Мектеп-мамлекеттик программалар жана окуу-тарбия процессинин талаптары боюнча педагогикалык кадрлар менен толук камсыздалган. Мугалимдер үчүн негизги жумуш берүүчү болуп, мектеп эсептелет. Бекитилген штаттык жүгүртмөнүн негизинде иш алып барылат. Кызматкерлердин сандык жана сапаттык курамы ар жыл сайын кызматкерлердин келип-кетүүсүнө жараша жаңыланып турат. Жыл сайын кызматкерлер тарификациядан өткөрүлүп турат.

Мектептин педагогикалык жамааты ынтымактуу жана иш билги, компетенттүү курамдан турат. Бардык мугалимдердин билим берүүгө уруксат берилген тастыктоочу диплому, билими жана окуучулар менен иштөөгө профессионалдык тажрыйбасы бар. Мектепте жалпысынан 120 мугалим эмгектенет. Администрация мүчөлөрүнүн саны-10 Бардык мугалимдердин билими жетиштүү, өз предметин билет, технологияны өздөштүрө алышат.

 

Базистик окуу планы 2020-2023 жж

Комплектилөө

Сааттардын торчосу

Тарификация 5-жылдык

Штаттык жүгүртмө жөнүндө жобо

Штаттык жүгүртмө

3.2. Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол жоболордун болушу. Мектепте билим берүү процессинин катышуучуларынын коопсуздугун алдын-алуу максатында 50 видео-көзөмөл камералары коюлган.  Окуучулардын сабакка келип кетүүсү боюнча класс жетекчи тарабынан ай сайын табель толтурулуп турат. Ошондой эле мектепке келген ата-энелердин, коноктордун жана башкалардын кирип, чыгуусун көзөмөлдөй турган кызматкер жана нөөмөтчү мугалимдер  иш алып барат.

Мектепте мугалимдерге усулкана жана сабакка даярдануу максатында кабинет бар. Эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мугалимдер медкароодон жылына  өтөт, жашына жараша эмдөө жүргүзүп турат.

Мугалим жана окуучулардын өз ара мамилелерин баалоодо сурамжылоолор алынып турат.. Мугалимдердин сабак өтүүсү, окуучулардын сабакка келип кетүү, катышуусу көзөмөлгө алынып турат.Мектеп дене-бой жана психологиялык жактан коопсуз чөйрөнү камсыз кылуучу механизмдер жана жол-жоболор орнотулган. Ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоо жана анын натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алуунун далилдери бар. Ар бир кабатта эвакуациялык пландар илинген. Ɵрт коопсуздугунун инструкциялары мектеп жамаатына тааныштырылат. Мектептин соц. педагогу жана психологу бирдиктүү алдын алуу иш-чараларын өткөрүү менен иш алып барышат. Анкета алуу менен физикалык жана социалдык-психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кыла алышат. Психолог окуучулардын психологиялык жагдайын изилдеп, көйгөйлүү балдарды өзүнүн карамагына алып, иш алып барат. Мектепте физикалык жана психологиялык  коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн педагогдор менен ата-энелер, окуучулар  ортосунда үч тараптуу байланыш бар. ИДН жана  медициналык кызматкер иш алып барат. Мектепте ички эмгек тартибинин эрежелери, эмгек келишимдери, кызматтык нускамалар, жамааттык келишим уюштурулган.

Жарандык коргонуу боюнча КР мыйзамы

Жарандык коргоо күнүн өткөрүү боюнча буйрук

Жемкорчулукка каршы күрөшүү жөнүндө буйрук

Жол эрежесин сактайлы. Бир айлык иш план

Кылмыштуулукту алдын алуу кеңешмеси жобо

Профкенешменин курамы

Профкеңешме жөнүндө жобо

Терроризмге каршы коопсуздук боюнча жобо

Укук коргоо органдары менен кызматташуу тууралуу жобо

Эвакуация планы

3.3. Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу мотивациялоо системасынын болушу Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүүдө мектеп ичинде тренингдер,мастер-класс, тегерек столдор уюштурулуп жана тажрыйба алмашуу сабактарга катышуулар болуп турат.

Мектептин мугалимдер коллективинин кесиптик квалификациясын жогорулатуу, аларды күнүмдүк  окутуу боюнча шарттарды түзүү жана аларды жаңы инновациялык билим берүү усулдары жана технологияларына окутуу өнүгүү программада максат катары коюлган. Ар бир усулдук бирикмедеги мугалимдер мектептин усулдук темасынын негизинде темаларын тандап алышып, окуучулардын билим сапатын көтөрүүнүн үстүндө иштеп келет. Квалификацияны жогорулатуу боюнча КРнын ББИМ алдындагы РПККЖЖ жана КДИден билимин жогорулатып турушат

2018-2022-жылдардын аралыгында сыйлаган сыйлык баракчалары жөнүндө маалымат

Англис тили усулдук бирикмесинин 2022-2023-окуу жылына карат иш планы

Илимий методикалык кенеши жөнүндө жобо

Методикалык иштердин анализ отчет УБ

Методикалык иштердин 2021-2022-окуу жылындагы анализи

Мугалимдердин билимин оркундотуу

Мугалимдердин өз билимин жогорулатуулары боюнча аналих

Предметтик декаданы өткөрүү жөнүндө жобо

Усулдук бирикме жөнүндөгү жобо

 

Күчтүү жактары:

  • Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү үчүн курстардан өтүшү,  райондук,шаардык конкурстарга, тренингдерге катышуусу
  • Пед.кадрлардын толуктугу

 

  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын беренелерине ылайык иш алып баруусу;

 

Алсыз жактары:

  • Дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин толук штатта иштебегендиги
  • Мектептин сыйымдуулугуна окуучулардын санынын дал келбеши.
  • Ата-энелердин мектеп турмушуна, көйгөйүнө салымдын азыраак кошкондугу.
  • Лабораториялык кабинеттердеги керектүү каражаттардын жетишсиздиги
  • Кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысы аз болгондугуна байланыштуу, мектепке кармап калуу;

 

 

МАТЕРИАЛДЫК -ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

4.1. Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын

жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт залдын болушу.

 

Мектептин жалпы ички аянты-5481,0 м2

Мектепте окуу кабинеттери жарык жана жылуу. 26 окуу кабинети бар. 1 информатика кабинети- анда 20 компьютер, 1 мультимедия кабинети анда 14 компьютер жана жалпы мектеп боюнча11 штук проектор, 5 штук интерактивдуу доска, интерактивдүү 1 панел бар. 50 видео- байкоо орнотулган.

Эки кабаттан турган (душу менен) спорт залы жана бардык шарты менен жабдылган 160 орундуу ашкана, 240 орундуу жыйын залы бар.

1-4-класстын окуучуларына жана аз камсыз, жарты жетимдер учун ысык тамак уюштурулган.

Англис тили кабинетинин паспорту

Башталгыч класстардын кабинетинин паспорту

Информатика кабинетинин нускамасы

Мектептин ички суроттомосу

Окуу кабинети жөнүндө жобо

Спорт залдагы техникалык коопсуздук эрежеси

Тех паспорт 94

Физика кабинетинин паспорту техникалык коопсуздук эрежеси

Химия кабинетинин паспорту жана техникалык коопсуздук эрежеси

4.2. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун талаптарын сактоо (экологиялык,санитардык эпидемиологиялык гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, Эмгекти коргоо жана техникасынын эрежелери) Окуу имаратынын коопсуздугу, тиешелүү санитардык-гигиеналык шарттардын аткарылышы, класстык бөлмөлөрдөгү нормага ылайык жылуулуктун болушу, желдетилиши, таза суу жана пандус менен камсыз болушу сыяктуу орчундуу маселелер Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү тарабынан 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген“Санитардык-эпидемиологиялык  эрежелер жана ченемдерге” ылайык түзүлгөн. №94 ЖОББ  мектепте санитардык- эпидемиологиялык шарттарды сактоо жөнүндөгү ички эрежелери жана мектептин “Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо” боюнча усулдук колдонмосун жетекчиликке алуу менен жүргүзүлөт. Окуучулардын ден соолугун коргоо, жугуштуу ооруларын алдын алуу үчүн медайым  менен бирдикте лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Мектепте санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер Билим берүү башкармалыгынан келген буйруктар жана алгоритмдердин негизинде ишке ашырылат.

Өрт коопсуздугун алдын алуу жана эмгекти коргоо, коопсуздук техникасынын эрежелери боюнча мугалимдерге, окуучуларга жана тех.кызматкерлерге нускаманын негизинде түшүндүрүү иштери өткөрүлөт, журналга кол коюлат.

Химия, физика, технология, информатика кабинеттеринде жана спорт залда окуучулар үчүн коопсуздук техникалык эрежелер өткөрүлүп турат.

Англис тили кабинетинин паспорту

Башталгыч класстардын кабинетинин паспорту

Информатика кабинетинин техникалык коопсуздук эрежеси

Кызматкерлер жөнүндө жобо

Мектептин ички суроттомосу

Окуу кабинети жөнүндө жобо

Спорт залдагы техникалык коопсуздук эрежеси

Техникалык паспорт 94

Физика кабинетинин паспорту техникалык коопсуздук эрежеси

Химия кабинетинин паспорту жана техникалык коопсуздук эрежеси

4.3. Материалдык –техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу. Мектептин материалдык-техникалык базасын анализдөө максатында инвентаризация жүргүзүлүп турат. Материалдык–техникалык базаны өнүктүрүү планы иштелип чыгып, ал боюнча иш алып барылат. Компьютердик-технологиялык жабдуулар мектепте  жаңыланууда. Жаңы 20 компьютер, 6 видео-проектор, 1 МФУ-принтер орнотулду. Алар химия, биология, математика, физика, география, ашкана, китепкана, методикалык кабинетке орнотулуп, интернетке кошулду. Мектептин ички дааратканаларынын сан-узелдери алмаштырылды. Инвентардык тизмелер актылар

Мектептин ички суроттомосу

Окуу кабинети жөнүндө жобо

Спорт залдагы техникалык коопсуздук эрежеси

Техникалык паспорт 94

Чарба иштери 2022-2023-ж отчету

Чарбалык иштерди уюштуруу планы 22-23-ж

Эвакуациялоо боюнча инструкция

Күчтүү жактары:

  • Имараттын жана окуу кабинеттердин абалы талапка жооп бериши.
  • “Келечекке карай жол” билим берүү проекттин негизинде  химия, биология, география предметтери боюнча кабинеттерине компьютер жана проекттер менен жабдылышы.
  • Китепканалык фонддун жаңыланып, көбөйүп туруусу;
  • Коопсуздук боюнча бардык талаптардын сакталышы;
  • Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртууга карата пландын ишке ашырылышы.

Алсыз жактары:

  • Лабораториялык каражаттардын жетишсиздиги.
  • Окуу кабинеттердин аздыгы.
  • Окуучулардын санынын көптүгү.
  • Жылдан жылга мебелдердин иштен чыгуусу;

 

 

Корутунду: Свердлов  районунун №94 жалпы орто билим берүү мектеби окуу-тарбия процессин жүргүзүүдө билим сапатын жакшыртуу жана камсыздоо, кадр саясатынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, финансылык ресурстарды колдонуу саясатын жүргүзүүдөгү иштердин багыттарынын ачык-айкындуулугун өзүн-өзү баалоо боюнча отчетунда карап чыгып, комиссия төмөнкү жыйынтыкка келди.

 

Жүргүзүлгөн өзүн-өзү баалоонун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органдарга  программалык  аккредитациядан өтүү үчүн документтерди жиберүүнү сунуштайт.

 

Комиссиянын тѳрайымы:

Мектеп директору: __________ Ажыгулова.К.К.

Мүчѳлѳрү:

Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары: __________ Б.Э.Касымова

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары: __________ А.Ж. Самудинова

Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары: __________Т.Орозалиева

Башталгыч класстар боюнча директордун орун басары__________Н.Ш.Бектурганова.

Профсоюз уюмунун төрайымы: __________А.Мамытова

Чарба иштери боюнча директордун орун басары__________Э.Боронбаев

Уюштуруучу____________Батыркулова Ырыс

Китепканачы____________Усубакунова Дамира